Чүй облусунда пенсионерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгы бүгүн, 1-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 68 жаштагы пенсионер айымды сүзүп, биринчи медициналык жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Мунун кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Панфилов районунун тургуну кармалды.