Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып жаткан күйүүчү май кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жүк 23-ноябрь күнү чек арадан өтүп жаткан учурда кармалган. Унаада баасы 1,5 миллион сомдон ашкан күйүүчү май болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.