КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен 30-январда Беловодск психоневрологиялык жатак-үйүнүн 2 тарбиялануучусу Жалал-Абаддагы психоневрологиялык жатак-мектебине которулду. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чара балдардын ата-энесине жакын болушун шарттайт жана ата-энелердин суранычынан улам ишке ашты. Алар Ош жана Баткен облустарында жашайт, ошол себептен 5-6 жылдан бери балдары менен көп убакытка көрүшө албай калган учурлары болуп келген. Балдардын ден соолугу эске алынып, “Sky Bishkek” авиакомпаниясы аталган балдарды Жалал-Абадга жеткирүүдө учакта жатып барганга ылайыктуу орун бөлүп берген. Маалыматка ылайык, мындай иш-чаралар Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан мындан ары да улантылмакчы.