Ош шаардык сотунун 15 жашар өспүрүм кызды сойкулукка тарткан айым боюнча тактоосу

Ош шаардык соту 15 жашар өспүрүм кызды сойкулукка тарткан айым боюнча тактоо киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда аталган соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Ж.Г. аттуу айымды үй камагына чыгаруу боюнча тергөөчү өтүнүч келтирген. Анда шектүүнүн 2012 жана 2014-жылы туулган эки баласы бар экени, туруктуу жашаган жери аныкталганы айтылган. Мындан улам сот ал өтүнүчтү канааттандырган.  

Айта кетсек, ноябрь айында "15 жашар кызды сойкулукка тарткан" деп айыпталып 40 жаштагы аял кармалган. Ал эми Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raia
2014-12-02 08:53:40
Уй камагына чыгарганы эмнеси.Бироонун баласынын тагдырын талкалаганда,оз балдарын ойлонгон эмес го.Анын балдары бала,ал эми 15 жашар наристе бала эмеспи?Колу менен кылган ишти отуруп башы менен жооп бериш керек.Бардык нерсе ушуга окшогон,таш боор аялдардын колунан ар нерсе келип атат.Сутинерлерге айоо жок.Ушундай жаман иштер менен кыргыз элимди Вич каптап канчалаган бей куноо наристелер азап чегип атат...
0
myrza80
2014-12-02 12:03:14
Кыргызстанда пулун болсо кулунмун деген заман болуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан