Бүгүн, 1-февралда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат-жыйын өткөрдү. Жыйынга облустук ИИБнин жетекчиси, анын орун басары, райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын, кайгуул бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жолугушууда орган жетекчилери берилген суроолорго жооп беришип, 2012-жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле ММК кызматкерлеринин кылмыштардын бетин ачууга көмөк көрсөтүп, шериктештикте иш алып барып жаткандыгына ыраазычылык билдиришти. Кызматташтыгы үчүн журналисттерге чакан белектер да ыйгарылды.