Бүгүн, 1-февралда президенттин 2012-жылдагы “КРда сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, сот адилеттигин жүргүзүүдө процесстик жана башка укук ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка Президенттик аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койду. Аталган топтун курамына окумуштуу-юристтер, судьялар, жактоочулар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жана эл аралык уюмдардын эксперттери кирди. Эксперттик жумушчу топ мыйзам долбоорлорун КРнын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин кароосуна киргизмекчи.