Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 1-декабрь күнү саат 07:27 чамасында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 1 адам каза тапкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.