Бүгүн, 1-февралда президент Алмазбек Атамбаев "КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолдор жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, 2013-жылга республикалык бюджет кирешелери боюнча 89,3 миллиард сом жана чыгашалары боюнча 106,2 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. 2013-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынан жеткен чеги 16,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди. Бул мыйзам 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүндө болуп эсептелет.