Бишкек шаарындагы Садовое көчөсүнөн бир нече бөлүккө бөлүнгөн аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 2-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум бир канча күн мурун сууктан улам каза тапкан. Анын денесин ошол жактагы иттер тытып жеп, бир нече бөлүккө бөлүп салышкан. Муну көргөн тургундар милицияга кабарлашкан. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.