Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 11 дүкөн, 49 көрнөк-жарнак алынды

Бүгүн, 1-февралда Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти жана Биринчи Май райондук администрациясы жүргүзгөн атайын рейд учурунда шаар көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 11 даана дүкөн, мыйзамсыз илинген 49 көрнөк-жарнак тактасы жана 59 таштанды салынуучу урна алынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын жолдорун кардан, таштандыдан тазалоо иштери менен бирге шаардын эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында рейд жүрүп жатат. Мунун негизинде талапка жооп бербеген көрнөк-жарнактар, дүкөндөр жана керектен чыгып калган таштанды урналарды алуу иштери улантылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан