Бишкекте К.Көлбаев атындагы Автожол колледжинин жатаканасында эки студент уруша кетип, бирөө экинчисин бычак менен сайып салган. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жабырлануучу менен кылмышка шектүү аталган окуу жайда бир тайпада окушат жана экөө тең 17 жашта. Курсташтар пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада биринчиси экинчисин бычак менен сайган.
Учурда жараат алган студент ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал эми бычактаган студент сурак учурунда курсташын өлтүрүүнү көздөбөгөнүн жана аны жөн гана коркуткусу келгенин айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.