Бишкекте Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борборунда 2-февралда “Балдардын угуусунун начарлашы тууралуу орчундуу маселелер” аттуу эл аралык конференция өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Польша жана Беларусь өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу медицина кызматкерлери келишет. Конференциянын жыйынтыгында 3 мамлекеттин кызматкерлери ушул жылда болчу Дүйнөлүк конгрессте окула турган баяндаманы даярдашат. Ошондой эле аталган кызматкерлер Кыргызстандагы 300гө жакын угуусу начар балдарды текшерүүдөн өткөрүшөт.