Бишкек шаарынын Чолпон-Ата көчөсүндө каза тапкан жарандын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен жашы 45-50 чамасындагы жарандын жансыз денеси Чолпон-Ата көчөсүнөн табылган. Учурда анын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, маркум каракчылардын соккусуна кабылган. Мындан улам жабырлануучу каза тапкан.