Бишкекте зордуктоо фактысына шектүү катары Ливан өлкөсүнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 2-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, 26 жаштагы шаар тургуну милицияга кайрылган. Анда ал жашы 25-30 чамасындагы белгисиз адам зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Ливан өлкөсүнүн жараны кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.