Кара-Суу шаарынын мэри шайланбай калды

2-февралга белгиленген Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болбой калды. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы маалымдады. Белгилүү болгондой, мэрлик кызматка талапкер катары КСДП фракциясынын өкүлү Рустам Хатамов көрсөтүлгөн. Бирок шаардык кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын аздыгынан кворум жок болуп, шайлоо өтпөй калды. Айта кетсек, шаардык кеңеште 31 депутат болсо, жыйынга 15 гана депутат келген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан