Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү эртең менен борбор шаардагы көчөлөрдүн биринде муунтулуп өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал Бишкек шаарынын 26 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
ИИМдин басма сөз кызматынан 3-декабрда маалымдагандай, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну, 23 жаштагы Д.М. аттуу жаран кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү менен каза болгон жарандын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруштун аягы адамдын өлүмүнө алып келген. Шектүү Д.М. каза болгон жаранды окуя болгон күнү көчөдөн эс-учун жоготкуча ур-токмокко алып, муунтуп өлтүргөн да, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери уланууда.