Ысык-Көл районунда балык уулаганга чыгып кетишкен эки адамды издөө иштеринен майнап чыга элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында кетишкен бойдон дайынсыз. Алардын бири - Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган тургуну Эмил Ашыров, ал эми экинчиси - 1967-жылы туулган Ишен Алмабеков. Эки жаранды издөө иштери 29-ноябрдан бери жүрүүдө, бирок ал азырынча натыйжасыз болууда. Издөө иштери бүгүн да улантылмакчы.