Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бөлмөнүн 6 чарчы метр жыгач полу, 6 чарчы метр жыгач шыбы, 4 терезе жана 4 эшик кашектери күйүп кетти. Өрттүн чыгышына үй ээсинин 4 жаштагы небересинин от менен шоктугу себеп болгон. Ошондой эле Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 15 тонна жыйылган чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.