Жоомарт Оторбаев Таиландда өткөн "Экономикалык трансформация жана ар тараптуу өнүгүү" аттуу конференцияга катышты

Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бангкок шаарында өткөн "Экономикалык трансформация жана ар тараптуу өнүгүү" аттуу конференцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Анда Оторбаев Азия аймагындагы өлкөлөрдүн экономикасынын азыркы учурдагы өнүгүү маселеси боюнча доклад окуду. Ал докладда Борбор Азия өлкөлөрү менен Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүү жолдору, алардын жалпы экономикасынын өнүгүшү камтылган. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Таиланддын Тышкы иштер министри Сурапонг Товичакчайкул менен жолугушту. Сүйлөшүүдө тараптар айыл чарба, энергетика жана туризм тармагында үзгүлтүксүз кызматташууну жөнгө салууну белгилешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан