Тажикстанда 17 килограмм баңгизат менен кыргызстандык жаран кармалды

Тажикстандын Шуганан районунда мыйзамсыз баңгизат ташып жүргөн 52 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 3-декабрда Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, кармалган жаранга таандык баштыктын ичинен пресстелген спецификалык жыты бар зат алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал гашиш экени аныкталып, анын салмагы 17 килограммды түзгөн.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында Кыргызстандын жараны аны Ош облусуна, андан соң Орусияга сатыкка алып кетүүгө даярдаганы аныкталган. Бул иш боюнча Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (чоң өлчөмдөгү баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dolbooruwka
2014-12-03 16:19:08
мына сагаааа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан