Нарын. Нарын облусу боюнча 2012-жылы 322 килограмм 225 грамм наркотикалык зат алынган

 2012-жылы Нарын облусу боюнча наркотикалык заттарга байланышкан 16 кылмыш иши аныкталып, 322 килограмм 225 грамм наркотикалык зат алынган. Бул туурасында Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кочкор районунда мындай кылмыштардын саны көп болот, себеби ал жакта көп улуттун өкүлдөрү жашайт жана район борборго, жолдун жээгине жакын жайгашкандыктан деп белгилесе болот. Мындан сырткары Кочкор районуна жакын Жумгал районунда табигый жол менен 36 гектар кара куурай өсөт. Жалпысынан бул аянт 3 айыл өкмөтүнүн аянтын ээлейт. Былтыркы жайда бул аянттардан 2 тонна 127 килограмм кара куурай чабылып, өрттөлгөн. Ал эми жумушчу күчтөрү Көк-Ой, Арал айылдарынын жергиликтүү жарандары тарабынан толукталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан