* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Сузак районунун Барпы айыл округуна караштуу Маркай айылында 5 адам мыйзамсыз түрдө көмүр казып жатып каза болгон. Алар ошол күнү саат 11лер чамасында Маркай айылындагы Аттокур Токтоболотовго тиешелүү «Кыял» менчик шахтасында жетекчинин уруксаты жок көмүр казышкан. Алар газга ууланышкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен адамдардын сөөгү шахтадан чыгарылып, туугандарына берилген. 
* Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы Министрлер кеңешинин төрагасы
Султан Ибраимовду Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында Смагин аттуу оорукчан адам атып кеткен. Бир жылдан кийин Смагин милиция кызматкеринин моюн орогучуна асынып калган жеринен табылган. Султан Ибраимов убагында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. С.Ибраимов ишке жана адамдарга карата болгон принципиалдуу мамилеси, дүйнөлүк кубулуштарга прогрессивдүү көз карашы менен айырмаланган. Айрым адистердин айтымында, Советтер Союзунда Султан Ибраимов С.М.Кировдон кийин киши колдуу өлтүрүлгөн жогорку бийлик адамы болгон.

* Мындан 340 жыл мурун, 1674-жылы азыркы Чикаго шаарынын ордунда франциялык иезуит
Жак Маркет тарабынан миссионердик күзөт негизделет да, "Чикаго" деп аталып калган. "Чикаго" деген сөз жергиликтүү индейлердин "shikaakwa" деген сөзүнөн алынып, "сарымсак", "жапайы пияз" дегенди түшүндүрөт.
* Мындан 883 жыл мурун, 1131-жылы перс жана тажик акыны, математик жана ойчул Омар Хайям каза болгон. Бүт дүйнөгө рубаилери менен белгилүү болгон перс жана тажик акыны, математик, астроном жана ойчул Омар Хайям Нишапурда туулуп-өскөн. Самарканд шаарында билим алган. Кийин Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдынкы илимпоздорунун бири болгонго жетишет.