Бүгүн, 2-февралда Нарын музыкалык академиялык драма театрында Нарын шаарындагы мектептер арасында “Мектеп ажары -2013” аттуу сулуулар сынагы өтөт. “Нарын Жаш лидерлер” коомдук бирикмеси билдиргендей, бул сынак өнөрлүү кыздарды тандап, мектеп окуучуларына стимул берүүнү көздөйт.
Сынак саламдашуу, өнөр тартуулоо, интеллектуалдык суроолорго жооп берүү, мектеп формасынын жана саркеч кийимдер көргөзмөсү сыяктуу 5 тапшырманын негизинде өтөт. Сынакка 6 сулуу катышып, 1-орунга 3000 сом, 2-орунга 2000 сом, 3-орунга 1000 сом ыйгарылат. Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылмакчы.