Кыргыз - өзбек чек арасындагы бир катар өткөрүү пункттары ачылды

 1-февралда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы бир катар өткөрүү пункттары ачылды. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматы маалымдады. Учурда Кыргызстандын “Кадамжай” жана Өзбекстандын “Вуадиль” өткөрүү пункттарында Баткен жана Фергана облустарынын жашоочулары эки тараптуу катташууга өтүштү. Ошондой эле кыргызстандыктар үчүн Кадамжай районунун аймагындагы Пүлгөн–Көк-Талаа багыты боюнча тоскоолдуксуз унаа каттамы ачылды. Тараптар Баткен облусунун жашоочуларына Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүнү камсыз кылууга макулдашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан