Ошто алдамчылыкка шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан бүгүн, 4-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун К.А. жана Т.А. аттуу тургундарынын үстүнөн 19 кишиден арыз түшкөн. Анда аталган эки аялдын “батир алып берем” акча алып, алдап кеткени айтылган. Бул боюнча иликтөө жүрүп, кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.