Аламүдүн районунда өрт кырсыгы катталып, апасы менен кызы каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн түнү Кара-Жыгач айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, үй эмеректери, кийим-кече жана документтер күйгөн. Мындан сырткары өрт болгон жерден үйдүн ээси, 1973-жылы туулган Үмөтбаева Эльвира Абаскановнанын жана анын кызы, 2011-жылы туулган Үмөталиева Касиет Тимуровнанын күйүп калган денелери табылган. Ошондой эле өрттүн кесепетинен үй ээсинин кызы, 2010-жылы туулган Тимур кызы Асият жана тууганы, 1963-жылы туулган Калдар Орозбаев колдорунан, буттарынан жана денелеринен III-А, Б даражада (денелеринин 20-30% күйгөн) күйүк алышып, Бишкек шаардык 4-ооруканасына жеткирилген. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 02:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.