Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн улам келтирилген чыгым 200 миллион сомдон ашты

2014-жылдын 14-ноябрында жер титирөөнүн кесепетинен жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 3780 арыз түшкөн. Мындан улам 2071 турак үй жана 49 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 624 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 896 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 286 турак үй жана 15 социалдык объект III даражада, 187 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыр тарткан турак жайларга келтирилген материалдык чыгым 161 миллион 194 440 сомду, социалдык объектилерге келтирилген материалдык чыгым 39 миллион 702 148 сомду түздү. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан