Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэри О.М., Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси К.А. жана Шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси К.Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда аукцион өткөрүшүп, мэриянын башкы эсепчиси Э.Ага 704 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз сатышкан. Учурда иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.