Ноябрь айында КРнын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен кыргыз кол өнөрчүлөрү Нью-Дели шаарында өткөн 34-эл аралык көргөзмөгө катышышты. Иш-чараны Индиядагы соода-сатыкты өнүктүрүү уюму уюштурду. Көргөзмөнүн ачылышына Индия мамлекетинин президенти Пранаб Мукерджи катышты. Бул тууралуу 4-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Ишкер аялдар" аталышында өткөн көргөзмөгө Кыргызстан, Япония, Германия, Түркия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Таиланд, Индонезия, Кувейт жана башка мамлекеттер, жалпысынан 25 өлкө катышты. Кыргызстандан Шаршембиева Кадыркүл, Шаршембиева Жаңыл, Турусбекова Нуржан, Асангазы кызы Айпери, Ормонбекова Элзат, Үмүталиева Элиналар катышып келишти.