Талас облусунда 27 айыл өкмөттүн башчысы шайланды. 28-январдан 3-февралга чейин өткөн шайлоолордо аталган облуста 29 айыл өкмөт башчысы шайланышы керек болсо, 2 айыл өкмөттө белгилүү себептер менен шайлоо болбой калды. Талас районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчылыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин эч бири жетиштүү добуш ала алышкан жок. Ал эми Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл өкмөтүндө сот иштерине байланыштуу шайлоо өтпөдү.