Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 4-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Шамалды-Сай шаарындагы Теңдик айылында Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 40 чарчы метр 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 3 тонна чөп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.