“Түндүк электр” ишканасы бирдиргендей, бүгүн, 4-февралда саат 9:00дөн 15:00ге чейин Сокулук жана Аламүдүн райондорунун Селекция жана Төмөнкү Ала-Арча айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Маалым болгондой, бул өчүрүүлөр “Мамбетов”, “Карагачевая” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу. Мындан сырткары бүгүн саат 17:00дө Сокулук районунун Биринчи Май жана Аламүдүн районунун Рассвет, Мрамор, Теңдик, Лесхоз жана Озёрное айылдарында да жарык өчүрүлөт.