Ырчы Саламат Садыкованын үйү тонолгонун укук коргоо органдары маалымдашкан. Бул боюнча 4-декабрда SUPER.KG порталына Саламат Садыкованын кызы
Кундуз Авашова:
"Апамдын Бишкек шаарынан батир алам деп топтоп жүргөн акчасы бар эле. Бирок ылайыктуусун таппай, ана-мына дегиче ал акчаны уурулар пайдаланып кетишти",- деп билдирди.
Окуя 2-декабрда ырчынын Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан үйүндө орун алган. "Бирөөнүн маңдай тери менен тапкан эмгегин уурдап жеген адамдар арабызда кантип басып жүрүшөт?! Уурулар апамдын жана кызымдын үйдө жоктугунан пайдаланып, эшиктин кулпусун бузуп киришиптир. Уктоочу бөлмөдөгү зер буюмдарга тийбей, ошол акчаны табыш үчүн болгон жердин баарын аңтарып, чачышыптыр.
Дагы жакшы, ал күнү апам жумушта кармалып, үйгө кеч кайткан экен. Жакында эле машинасынын 4 дөңгөлөгүн чыгарып, бирөөсү унаасын сүзүп кеткен. Бирок алар кармалышып, кайра кечирим сурап, чыгымды төлөшкөн. Апамдын артынан аңдыган адамдар болушу мүмкүн. Ал үчүн да азыр менде уйку жок. Тынчсызданганымдан кан басымым көтөрүлүп, дары ичип отурам. Болгон окуяны милицияга айтып түшүндүрдүк. Алар бул ишти иликтеп жаткандарын айтышты",- дейт Кундуз Авашова.