Бүгүн кыргыз-казак чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 4-декабрда саат 11:25 чамасында кыргыз-казак чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында болуп, ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарынан 48 чакырым түндүк-чыгышта, Григорьевка айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Ананьево айылынан 59 чакырым түндүк-батышта, Түп айылынан 100 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Зилзаладан улам кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келүүлөр катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
insap
2014-12-04 16:11:35
Кыргызды «Бар Балаадан, Жок Жалаадан» Кудай сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан