Баткен суу чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 4-декабрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, 2014-жылдын 20-ноябрында Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Облустук суу чарба башкармалыгында аудитордук текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Мекеменин бөлүм башчысы А.А. текшерүүнү токтотуп коюу үчүн 2014-жылдын 2-декабрында Облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде 10 000 сом акча каражатын пара
катары берип жаткан жеринен кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөн жаран убактылуу кармоо жайына
киргизилди.