Ошто агасы карындашынын жигитин жактырбай бычактап салды, жабырлануучунун абалы оор

Ошто агасы карындашынын жигитин жактырбай бычактап салды, жабырлануучунун абалы оор. Бул тууралуу 4-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 25-ноябрь күнү моюнуна жана көкүрөгүнө бычак сайылып, 1993-жылы туулган Х.Х. аттуу тургун оор абалда келип түшкөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Н.Ш. кармалды. Ал "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен шектелип Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 
Шектүү Н.Шнын айтымында, жабырлануучу жигит анын карындашына келип, мамиле түзүүгө аракет жасаган. Ал болочок күйөө бала өзүнө жакпагандыгын айтып, карындашынын мамилесине тоскоол болуу максатында кылмышка барганын билдирген. Натыйжада өз ара пикир келишпестик мамиледен жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда чыр чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
STARS-BOYS88
2014-12-05 01:41:08
Ой тообоо... бир нерсеси барго...
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-05 02:17:25
Туугандар окшойт
0
Beka1986
2014-12-05 02:45:42
Х.Х болсо узбек болуш керек деп ойлойм,кыргызда мындай ат жок да,Х менен башталган,кыздын байкеси тиги жигитти жолуна туш десе керек да,анысы болбой эле акалап,"акажон"деп турса,жалдырап,мына сага деп ажалынын мөөнөтүнөн мурда тияка жиберейин деп калганго))),тамаша албетте,провокация деп "ПАН" га киргизип сала электе)),бирок кыздын байкеси туура эмес кылыптыр,байкуш темир тор артында жашай берип зеригетго эми,кызуу кандуулукка бердирбеш керек эле да,а шорубар
0
crishti_7
2014-12-05 05:00:58
озбек улутундагылар экен.
0
jasi
2014-12-05 08:55:22
Кызык немелер го, кантип эле жакпай калса бычактап салсын, олуттуураак бир нерсеси бар окшойт
0
Gensek
2014-12-05 11:25:42
ошто озбектердин ХХХХ ХХХХ болушат булар тиги кызга жакшы суйлосо кыз кулагы мн суйот болуп каса керек а так акаси мужик екен...
0
admin_superstan
2014-12-05 11:34:15
Gensek, башкалардын улутун мазактоого, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан