Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жана унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Бүгүн, 5-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке -Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука -Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу айдоочулардан унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышын талап кылат.

Ал эми 25-28-ноябрда Кара-Кулжа районуна 70-90 сантиметр калыңдыкта жааган кардын кесепетинен райондун жол каттамдары жабылып турат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан