“Экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап качып кетишкен” деп шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалгандар 1983, 1987, 1990-жылы туулган Аксы районунун тургундары болушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрь күнү саат 04:20 чамасында 25-27 жаштагы 4 адам Бишкек шаарынын Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде 19 жаштагы Бакай Өмүркуловду тапанча менен коркутуп, Мерседес-Бенц GL350 үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Андан соң Бакай Өмүркуловду күчтөп унаага салышып, Чоң-Арык айылына алып барышкан. Ал жактан сабап, таштап кетишкен.
Бул факты боюнча "каракчылык", "унаа каражаттарын ээлеп алуу", "адам уурдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми уурдалган унаа Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылган.