Бишкекте "кримтөбөл" Камчы Көлбаев милицияга чакырылып, профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин коё берилди

Бишкекте "кримтөбөл" Камчы Көлбаев Райондук ички иштер башкармалыгына чакырылып, профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин коё берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан бир жума мурун милиция кызматкерлерине оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда Бишкектеги ресторандардын биринде К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү 3 мүчөсү жана Көлбаев өзү үй-бүлөсү менен тушоо тойго катышып жатканы айтылган. Ошол эле күнү күч органдары тарабынан аталган жерде 1976-жылы туулган С.Д., 1972-жылы туулган Б.У., 1981-жылы туулган К.Б. кармалып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ал жакта аты-жөнү такталып, профилактикалык иштерден соң коё берилген. Ал күнү Көлбаев ал жакта жок болгон. Эртеси ал да райондук ички иштер башкармалыгына чакырылып, профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin2
2014-12-05 12:18:57
Камчыны Дубайга кетип калды деп жатышты элего,Кыргызстанда тойдо эле журот экенго.
+2
kama_future_millioner
2014-12-06 08:46:34
Кармаш керек, издөөө салынган кармасак эле камайбыз дейт элеңергоо кана кармаганынар дарегин билип турсаңарда кармабайсыңар. Эл иңеничинен чыгып кетти укук коргоо кызматкерлери, аты эле болбосо заты жок,тооо тонкоруп сүйлөп коесуңар иштеп келгенде муштумдай да иш ке жарабайсыңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан