Чүй облусунда бир катар карактоо фактысына шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.У., 1980-жылы туулган Х.Э., 1992-жылы туулган М.Б. жана 1987-жылы туулган А.Ш. аттуу Тажикстандын жараны кармалган. Алардын мурда да бир канча жолу соттолгону аныкталган. Ошондой эле шектүүлөрдүн жашаган жерин кароо учурунда тапанча, бет кап, скотч табылган. Алар өлкө аймагында болгон бир катар карактоо фактысына шектелүүдө. Учурда булар менен байланышы бар башка жарандын да жүргөн жери такталууда.