Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде Галина Кетованын жетекчилиги менен театралдык флешмоб өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты – театралдык искусствого коомчулуктун көңүлүн буруу, пропагандалоо.
Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук драма театрынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Жамиля Туляеванын айтымында, флешмобго Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёрлору катышат.