Ысык-Көл
районунда 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында балык уулаганга чыгып кетишкен
эки адамдын тирүү же каза болгондору белгисиз бойдон калууда. Аларды издөө иштери
29-ноябрдан бери кызуу жүрүүдө. Кечээ аба ырайы суук, туман каптагандыгына
байланыштуу издөө иштери токтотулган болчу. Ал эми бүгүн аларды
издөө иштери кайрадан
улантылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда
SUPER.KG
порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы
Абдишарип Бекилов билдирди.
“Дайынсыз болуп жаткан Чоң-Өрүктү айылынын
1966-жылы туулган тургуну Эмил Ашыровду жана 1967-жылы
туулган Ишен Алмабековду издөөгө
60ка жакын киши тартылган. Алардын
ичинде эки жарандын туугандары, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана ӨКМнын
кызматкерлери да бар”,- дейт А.Бекилов.
Эске салсак,
изделип жаткан эки жаран 29-ноябрь күнү балык уулаганга кеткен бойдон дайынсыз
болууда.