Өзгөн районунда 43 жаштагы айымды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында белгисиз айдоочу унаасы менен 1971-жылы туулган айымды сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган райондун 1984-жылы туулган тургуну кармалды. Учурда айдоочу сурак берүүдө.