Борбор калаада кардардын унаасын айдап кетип жол кырсыгына кабылган унаа жуучу жайдын жумушчусу кармалды

Бишкек шаарында унаа жуучу жайга унаасын таштап кеткен кардардын машинасын айдап чыгып жол кырсыгына кабылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 3-декабрь күнү милиция кызматкерлерине арыз менен шаардын Ш.Роман аттуу тургуну кайрылган. Анда ал саат 16:30 чамасында Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасын борбордогу Киев көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын бирине тазалатканга таштаганын жана ошол жайдын жумушчусу айдап кетип жол кырсыгына кабылганын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал унааны 34 жаштагы С.Нурдин аттуу жумушчу өз иштерин бүтүрүү үчүн айдап кетип жол кырсыгына кабылганы аныкталган. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nursss_Real_Madrid
2014-12-05 15:06:23
эмнеге айдайт башка бироонун машинасын. Эми 3-4 айлык акчасы кетет го
0
Zein
2014-12-05 20:48:35
мен эч бербейм. Кээде 1-1,5 саат куткон учурла болот кутуп отура берем. СТОдон дагы жанынан чыкпайм.
0
kg-zzzzz
2014-12-05 20:54:10
3-4 айлык эмес 3-4 жыл бекер иштейтко
0
taku0214
2014-12-05 23:15:59
Такыр ит болгон турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан