"Шахматты мектеп программасына киргизүү үчүн мыйзам долбоор иштеп чыгуу керек". Мындай пикирди экс- премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2-февралда 2013-жылдагы шахмат сезонунун ачылышында билдирди. “Шахматты мектеп программасына окуу предмети катары киргизүү керек. Анткени бул оюн балдардын ой жүгүртүүсүн жакшыртып, акылын өстүрөт”,- деди Бабанов. Ал ошондой эле депутаттарга шахматты мектеп программасына киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштаган.