Жүрүп бара жаткан поездден секирип, Орусиянын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкан кыргызстандыктар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында “кара тизмеге” кирген кыргызстандык 8 жаран Орусиянын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Алар Орусия менен Казакстандын чек ара тилкесинде жүрүп бара жаткан поездден секиришкен. Тилекке каршы, алар чек арачылар тарабынан кармалышып, Оренбург облусундагы чет элдик жарандарды кармоочу жайга киргизилген. Учурда алар Кыргызстандын аймагына аман-эсен кайтып келишти.