Борбордо сайма жана панно түрүндө жасалган туш кийиз жана сүрөттөрдүн “Боз жол” аталыштагы көргөзмөсү болуп өттү

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр-сүрөт музейинде “Саймалуу таш” көркөм галереясынын 5 жылдыгына арналган Арстанбек Мырзаев жана Гүлжан Ирештин “Боз жол” аталыштагы көргөзмөсү өттү. Иш-чарага келген элдин саны арбын болду. Конокторго "Хантун" (хандын тун аялы) аталыштагы этно-кийимдердин чакан көргөзмөсү тартууланып, көздүн жоосун алган, өзгөчө идеялар менен жасалган 60тан ашуун сайма түшүрүлгөн туш кийиз жана паннолор эл сынына коюлду. 

Бүгүнкү салтанаттуу кечеңер менен куттуктамакчымын. Кыргыз эли - сөз баккан, өнөр аздектеген, көкүрөгү тунук эл. Бабаларыбыз материалдык байлыктын кумарынан өйдө туруп, руханий азык менен жан дүйнөсүн багып келгендиги үчүн элибиздин аты тарыхтан өчпөй келе жатат”,- деди КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов.

Ар бир жасалган туш кийиз болобу же сүрөтпү, мага чоң кубаныч тартуулайт. Мен аны чоң кумар менен жасайм, ар бирөөнө жан дүйнөмдүн кандайдыр бир бөлүгүн кошом. Биздин көркөм галереяда 40ка жакын адам эмгектенет, анын ичинен бешөө сайма саят. Баарыбыз бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүп, ушундай көркөм иштердин үстүндө эмгектенебиз. Бул көргөзмөгө 2006-жылдан бери жасалган иштер коюлду. Баса белгилеп кетчү нерсе, акыркы учурда Кыргызстанда туш кийиздерге болгон суроо-талап өсүүдө. Бул нерсе бизди сүйүндүрбөй койбойт, себеби жылдан-жылга адамдар үйлөрүн ушундай сыяктуу туш кийиздер менен кооздоп калышты. Мындайча айтканда, эл арасында этно-мода жанданууда”,- дейт көргөзмөнү уюштурган Арстанбек Мырзаев.

Анын айтымында, туш кийиз жана сайма менен жасалган сүрөттөргө чет өлкөдө суроо-талап көп. Ал эми туш кийиздер менен сайма сүрөттөрдүн баасы 100 доллардан 3 миң долларга чейин.           

Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, маданият өкүлдөрү жана шаардын тургундары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
12.12.12
2014-12-05 21:33:05
Эн сонун туш кийиздер бар экен. Баасы канча болду экен? Ушундай коздун жоосун алган туш кийздер жана башка материалдык байлыктарыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Энелерибиздин колунан жаралган эмгектер бари бир журокко жакын экени билинип турат. Кабарды кубануу менен окудум.
0
Ariet7
2014-12-05 23:17:19
вааау
класс!!соонун жазалыптыр,баары колго,канча деген эмгектин арты м.н жазалат ээ?
Кичине кезимде каникул сайын бейишоогур чон апам м.н кийиз жазачу элек.Кандай соонун кез эле
Азыр айылдарда эч ким жазабай калганы окундурот(((
0
Aksy-13
2014-12-06 18:07:34
биздин улуттук буюмдар дуйнодогу эн кооз буюмдар болуп эсептелет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан