Жылнаама, 8-декабрь: Мындан 56 жыл мурун Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Аталган кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн №566-токтомуна ылайык бекитилген. 
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Беловежск токоюнда РСФСРдин президенти Борис Ельцин, Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Станислав Шушкевич СССРдин жоюлуп, анын ордуна КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан.
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы америкалык ырчы, рэпер Ники Минаж туулган. Толук аты-жөнү - Оника Таня Мараж. Алгачкы музыкалык альбому "Pink Friday" чыккандан кийин бир аптада эле ийгилик жарата алган. Анын 7 ыры бир учурда хит болгон. Ал Рианна, Мадонна, Кеша, Бритни Спирс, Жесси Жей, Дэвид Гетта, Ариана Гранде менен жакшы иштешкен жылдыздардын бири. Ырчы 2012-жылы "Американ Идол" шоу-программасы менен келишим түзүп, калыс болгон. 2013-жылы "Башка аял" аттуу тасмага тартылган.
* Мындан 151 жыл мурун, 1863-жылы орус акыны А.С.Пушкиндин жубайы Наталья Гончарова каза тапкан.
8-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан