* 7-декабрь - Эл аралык жарандык авиация күнү.
БУУнун Жарандык авиация уюму бул күндү 1992-жылы жарыялап, 1994-жылдын 7-декабрынан тарта белгилене баштаган. Ал эми бул күндүн маанисин жогорулатуу максатында 1996-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясы бекитип, бардык өкмөттөрдүн, улуттук, аймактык, эл аралык уюмдардын бул күндү белгилөөсү үчүн тиешелүү чаралар көрүлгөн. * Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы Арменияда чоң зилзала катталган. Спитак шаары толугу менен талкаланып, анда 25 миңге чукул киши набыт болгон.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Тажикстан, Өзбекстандан Чүй облусуна жер которгон этникалык кыргыздар Панфилов районунда жыйын өткөрүшкөн. Жыйында Чүй өрөөнүндө 9 миң чамалуу адам орун алгандыгы жана алардын Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатканы тууралуу көйгөйлөр козголгон.
* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы Мадриддин аэропортунда 2 учак кагышып, 93 киши каза тапкан.