Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык мааракесинде жалаң гана анын обондору обого жаңырды

Бүгүн, 5-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти, обончу, легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдыгына арналган концерт болду. Алгач бул айымдын ишмердүүлүгү тууралуу чакан тасма көрсөтүлүп, актёрлор Г.Садыбакасованын дарегине мактоо сөздөрдү айтып өтүштү. Андан соң күндүн каарманы алып баруучулар Гүлшан Молдоева менен Кыргызбай Осмоновдун чакыруусу менен зал толо келген элдин колдоосу астында сахнага чыкты. Буга удаа ЖКнын депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри, коомдук ишмер Султан Раев, Кыргызстан театр ишмерлери федерациясынын президенти Жаныш Кулмамбетов жана башкалар сөз сүйлөштү. Мындай расмий куттуктоолорду улай атайын концерттик программага орун берилип, алгач ырлар оркестрдин коштоосунда жаңырды. Концертте жалаң гана Г.Садыбакасова авторлук кылган ырлар көптөгөн ырчылардын аткаруусунда жаңырганын өзгөчөлүк катары караса болот. Зал учурдагы шоу-бизнес менен катар мындан 15-20 жыл мурунку сахна ээлеринен кабары бар эл менен толгону тынымсыз кол чабуулардан байкалды. Өзгөчө Гүлмайрам Момушеванын "Балама" аттуу чыгарманы жандуу ырдаганы элдин көңүлүн бир топ көтөрдү. Ошондой эле Сайкал Садыбакасованын апасын жетелеп алып, "Апама" аттуу чыгарманы аткарганы көпчүлүк тарабынан мыкты деңгээлде кабыл алынды.
Ал эми 60 жашка толуп жаткан Гүлшайыр айым куттуктоо сөздөрүн, гүлдөрдү жана конокторду кабыл алып гана чектелбей, маал-маалы менен өз өнөрүн көрсөтүп жатты. Урма аспапта кол ойнотуп, микрофон кармап ырдап, өзүнүн көп кырдуу талант экенин далилдеди. 
Алдын ала маалымдалгандай, ыр күйөрмандары бул концертте Бек Борбиевди, Саламат Садыкованы көрө алышкан жок.    
Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
obon
2014-12-05 23:47:03
Азаматсыз гүлшайыр эже сизге сагыда чоң-чоң ийгилик
0
Zhozho
2014-12-06 01:26:09
Супер инфо видеосу жок беле?
0
admin_media
2014-12-06 02:36:45
Zhozho,
Саламатсызбы! Бир нече мүнөттөрдөн кийин "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
0
bema_bema
2014-12-06 02:10:49
Азаматсыз
0
DNurgiza
2014-12-06 07:12:09
жакшы отсо жакшы экен. Ийгилик!
0
Aksy-13
2014-12-06 18:02:05
Юбилейиниз кут болсун. Ар дайым ийгиликтер коштоп журсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан